Кашкадарыя облусу
Административдик борбор | |
---|---|
Б.ири шаары | |
Облус акими |
Рузиев Зафар Шаропович |
Расмий тили | |
Калкы |
2 722 900 |
Жыштыгы |
95,88 адам/км² |
Аянты |
28 400 км² (6- орунда) |
Тууралыгы | |
Узундук | |
Убакыт аралыгы | |
Аббревиатурасы |
UZ-QA |
Коду ISO 3166-2 |
UZ-QA |
Автоунаа номурунун коду |
18 (эски үлгүсү 1998—2008), |
Расмий сайты | |
Кашкадарыя, Кашка-Дарыя облусу (вилоя́т, өзб. Қашқадарё вилояти, Qashqadaryo viloyati) — Өзбекистан Республикасынын административдик бирдиги. Административдик борбору — Каршы шаары.
1964-жылы 7-февралда уюшулган. Республиканын Түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 28,4 миң км2. Калкы 2,2 млн (2006).
Административдик-аймактык жактан 14 районго бөлүнөт. Кашка-Дарыя вилаети Памир-Алай тоо системасынын батышында, Кашка-Дарыянын алабында, деңиз деңгээлинен 2938 м бийиктикте жайгашкан. Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Карши, Нишан талаалары жана Сандык кумдуу чөлү ээлейт. Түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгышында Заравшан, Ысар кырка тоолорунун тармактары жатат. Климаты кескин континенттик, кургак. Январдын Орточо температурасы –0°С,-июлдуку 31,5ПС. Жылдык жаан-чыны 200–250 мм, тоо этектеринде жана тоолордо 500 ммге чейин. Башкы дарыясы – Кашка-Дарыя, анын куймалары: Ак-Суу, Кызыл-Дарыя. Областын Түштүк бөлүгү кумдуу, такыр, шор жерлер кездешет. Тоолоруна бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Кыртышы боз, күрөң жана тоошалбаа топурактуу. Чөлү өсүмдүктөргө жарды (негизинен эфемер, шыбак). Кашка-Дарыянын өрөөнүндө тал, терек, тоолорунда бадал, арча өсөт. Тоонун төмөнкү капталдары жайыт катары пайдаланылат. Калкынын негизин өзбектер (85%) түзүп, ошондой эле тажик, орус, татар, түркмөн жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2ге 71 киши. Айыл калкы 73%. Шаарлары: Карши, Шахрисабз [бул шаарда Амир Тимур (Темирлан) туулган], Китаб, Касан, Мубарек, Яккабог, Гузар, Камаши. Өнөр жай негизинен курулуш материалдарын (темир-бетон конструкциялары, кыш, акиташ жана башка), тамак-аш (эт, сүт, нан, ун комбинаттары, консерва, шарап, май жана башка) өндүрүүгө адистешкен. Ошондой эле жеңил өнөр жай (пахта тазалоочу завод, тигүү жана башка) да иштейт. Газ да өндүрүлөт. Көркөм кол өнөрчүлүк (топуга сайма саюу, килем токуу жана башка) жана жибекчилик өнүккөн. 1960-жылдан Мубарек газ-нефть кени өндүрүлө баштаган. Мубаректен өндүрүлгөн газ Ташкент – Бишкек – Алматы газ кууруна кошулат. Кашка-Дарыя вилаетинин айыл чарбасында дыйканчылык менен мал багуу (анын ичинде каракүл кою) өнүккөн. Ири өнөр жай ишканалары: «Мубарекнефтгаз» жана «Шуртаннефтгаз» ААК. Темир жолунун узундугу 350 км, автомобилдики 30 миң кмдей. Облустун аймагында Кызыл-Суу жана Мираки коруктары уюшулган.
Административдик бөлүнүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Облус 12 административдик районго(туман) бөлүнөт:
- Гузар району (3) — Гузар
- Дехканабад району (2) — Карашина кыштагы
- Камашы району (4) — Камашы
- Каршы району (5) — Бешкент
- Касан району (6) — Касан
- Касби району (7) — Муглан
- Китаб району (8) — Китаб
- Миришкор району (9) — Янги Миришкор
- Мубарак району (10) — Мубарек
- Нишан району (11) — Янги-Нишан
- Чиракчы району (1) — Чиракчи
- Шахрисабз району (12) — Шахрисабз
- Яккабаг району (13) — Яккабаг
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Хокимият Кашкадарьинской области Archived 2007-06-06 at the Wayback Machine
- Официальный сайт администрации (хокимията) Кашкадарьинского вилоята, информация об организациях, регионах вилоята, статистические данные,…
- Государственные номерные знаки Кашкадарьинской области СССР
Облус укугуна ээ шаары | Ташкент | |
---|---|---|
Республика | Каракалпакстан | |
облустар | Андижан • Бухара • Жызак • Кашкадарыя • Навоий • Наманган • Самарканд • Сурхандарыя • Сырдарыя • Ташкент • Фергана • Хорезм |