Металлургия
Металлургия (грекче metallurgtō – кен казып алам, металл иштетем) – кен таштан металл бөлүп алуу, металл куймаларынын химиялык курамын, түзүлүшүн өзгөртүү жөнүндөгү илим. Менделеевдин мезгилдик системасындагы галлоиддер менен газдардан башка бардык элементтерди өндүрүп алуу процессин кучагына алат. Өз ичинен төмөнкүдөй технологиялык процесстерден турат: 1) кенди металл бөлүп алууга даярдоо (майдалоо, ылгоо); 2) пирометаллургия, гидрометаллургия жана электролит ыкмалары менен кенден металлдарды бөлүп алуу, аны тазалоо. Пирометаллургия ыкмасында металл шахта же электр мештери, конвертер аркылуу, ал эми гидрометаллургияда суунун жардамы менен бөлүнөт; 3) ысытуу, эритүү жолу менен металл күкүмдөрүнөн буюм жасоо; бул ыкмада жогорку сапаттагы металл өндүрүлөт; 4) кристалл-физикалык ыкмада рафинирлөө жолу менен өтө таза металлдар, жарым өткөргүчтөр алынат; 5) эриген металлдан уютма алуу; 6) металлды басым менен иштетүү. Азыркы кезде металлургия заводдорунда металлдар жана куймалар прокаттоо жолу менен иштетилет; 7) термиялык, химиялык-механикалык, химиялык-термиялык ыкмалар менен каалаган түзүлүштөгү жана сапаттагы металлдар менен куймаларды алууга болот; 8) металлургияда металлдардын бетин чайкоо, цинктөө, пластмасса менен каптоо негизги орунду ээлейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7